Маданият, маалымат жана туризм министринин чечими коомчулуктун кыжырын келтирди

Кечээ, 28-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун буйругу менен ырчы Самара Каримова "Сулайман-Тоо" музейинин директору болуп дайындалган.

Аталган маалымат жарыяланары менен министрликтин бул чечимин кескин сындаган пикирлер коомчулук тарабынан айтыла баштады. Анткени Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров ошол эле министрликтин түштүк аймак боюнча башчысы болуп эмгектенет. Мыйзам жагынан да, моралдык жактан да бир үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик кызматта түздөн-түз бирине бири баш ийген кызматты ээлебеши керек.

Ал эми Самара Каримованын өзүнөн комментарий алганыбызда министрдин бул чечимине кубанганын айтып: "Ооба, бул маалымат чын, буюрса, чыгармачылыгыма жолтоо болбойт деп ойлойм. Жашпыз, иштешибиз керек. Биздей жаш кадрларга колдоо көрсөткөн Түгөлбай Токтогуловичке ыраазычылык билдирем", - деген эле.

Мамлекеттик башкаруу бийлигине карата элдин терс пикирин жараткан бул буйрук тууралуу министр Түгөлбай Казаковдон комментарий алуу аракетибиз, тилекке каршы, ишке ашкан жок. Ал эми коомчулуктун кескин сынынан кийин Самара Каримова бүгүн, 29-июлда бул кызматтан баш тарткандыгын интернет аркылуу жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
kenjebek_a
2017-07-29 21:58:14
Улутман деген телеберуудо которгон маселеси,суйлогон созун угуп коруп Туголбай агайды сыйлайт элем.Корпендечилик.Ушул агайдын тушунда ырдалган ырдай Туке агабызды АЛБАРСТЫ басыптыр.Болбосо ошол ырчыны дайындоонун алдында,улутман беруусуно катышып соз суйлогон Кыяс Молдокасымовтой тарыхты калчаган адамдардын алдында ким болду.Кыяс агай музейге директор болгондон баш тартат,бирок Туке акылдашса болмок.Кыскасы ишенген тоонун бири жомоктогудай эле ажыдаарга айланган экен. Улутка куймуш болгон Тукем.
+9
dina
2017-07-29 22:07:10
Ошол музейде коптон бери эмгектенген, татыктуу адамдардын эмгегин тебелеп ар жерден апарып башчы шайлай берсе катардагы "генерал" болууну самап талыкпай иштеген адамда стимул жоголот да. Бодоно сойсо да касапчы сойгону дурус, министр мырза.
+8
talaa11
2017-07-29 22:19:30
Маданятыбыз таптакыр томондоп кетти ушу кантип болсун жапжаш ырчылар ЭМГЕК СИНИРДИ деген наам алып атышат Кыргызстан вопше эшек жайлоо болуп кетти пулун болсо кулунмун дегендей болуп калды
+12
BekAmir
2017-07-29 23:08:52
Туголбай Казаковду сыйлабай калдым...
+9
Nuraz
2017-07-29 23:57:12
Урматтуу министр! Жаш ырчыларга "Эмгек синирген" деген наамды ылгабай бердиниз мейли, кичине ары бери жакты карап жумушка койсонуз.
+8
Dinakg
2017-07-30 00:51:37
Элдин биздин сыныбыз Самарага отпойт.Уяты болсо музейдин директорлугуна чуркабайт болчу.Министирге жолдошу кирип баары макул болду приказ чыгарта берин деп чыгартып алган экен,эртеси жогору жактагылар болбойт деп койбой коюшуптур.Самараны койбой койгон учун коомчулуктун сынынан кийин иштебейм деп чечтим деп койду уялбай.
+10
Aidani
2017-07-30 05:10:48
Самара азаматсын пикирлерди эске алганын сыйлаганын. Дагы бир жолу акылдуу аял экенинди далилдедин!
-5
Truelensk
2017-07-30 09:52:25
Булардын жашоосун 15 жылдан кийин кандай болот ошону билгим келет.бироосу кичине картайса бироосу ачылып турса ошондо концерт башталат.
+4
Mers124
2017-07-30 10:26:32
Казаковду министр болгондон бери эле сыйлабайм. Атамбаевди кайра кайра мактап твдан тушпой калган, конституцияны озгортуш керек деп мыйзамды билген кишидей суйлоп аткан. Кошоматтанып атып министр болгон.
+3
AKCAHAT
2017-07-30 13:10:04
Тузук, Анжелика мн Самаранын ити чоп жеп танкалары бастырып баратат ко баарын)))
+4
Eleko
2017-07-30 14:12:31
Папиги тузгон план ишке ашпай калыптыр да,напси ошондой жаман нерсе экен да,ушуларга не жетишпейт эми
+2
kalbek87
2017-07-31 00:01:45
Самара татыктуу жетекчи болсо керек эле себеби, абдан сезимтал аял. Асан аксакал жолтоо болду да.
-5
admin_superstan
2017-07-31 12:08:01
Nadirov, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-08-01 11:58:57
gulzat91, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
gulmi
2018-10-30 16:28:23
Ужас,соз жок.Бул жон эле шермендечилик.Билим,талант,тажрыйба деген тушунукторду тепселеп салуу. Мен Кыргызстандын онугушуно ишенбейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан