Москвага жумуш издеп барган кыргыз кызы кырсыкка кабылып, ооруканага түштү. Учурда барар жери, кайрылар адамы жок болууда

Орусиянын Москва шаарына жумуш издеп барган А.Караева кырсыкка кабылып, бейтапканага түштү. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июлда SUPER.KG порталына кырсыкка кабылган Караева өзү айтып берди.

"Мен "Марксисткая" метросуна жакын жерден жумуш издеп жүргөм. Кырсык болуп ак түстөгү унаа аркасы менен келип сүзүп кетти. Эс-учумду жоготкондо айланадагы адамдар "Тез жардам" чакырып бейтапканага алып барышыптыр. Ал жерге полиция кызматкерлери да келишкен. Мени сүзүп кеткен унаанын ээси белгисиз болууда. Көтөрүп жүргөн сумкама 50 евро салып кетишиптир. Ошол эле учурда дарыгерлер мени көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен деп жатат. Анткени алар окуяны билишпейт болчу. Биз болсо сүзүп кеткен унаанын ээсин таппай жатабыз. Дарыгерлер баш мээм чайкалган деген диагноз коюшту. Ашказаныма да доо кетиптир, жегенимди кайра эле чыгарып жатам.

1-августта ооруканадан чыгам. Буга чейин жашап жаткан батирдин ээси үйдөн чыгарып койгонун жанымда жашаган кыз айтты. Кайда барарым белгисиз болуп жатат", - деп билдирди Караева.

А.Караева Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Сайлык айылынын тургуну. Ал 29 жашта, 4 баланын апасы. Кырсыкка кабылган Караева элчиликтен жана коомчулуктан материалдык жана моралдык жактан жардам сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
CEO
2017-07-29 20:45:55
Жардам колун сунган мекендештерибизди коруп ыраазы болдум...
+21
Mech.kg
2017-07-29 22:05:06
Алла ыразы болсун ким жардам берсе.
Беш кундук омурдо сооп иштеп калалы.
+14
Azahan
2017-07-29 23:37:09
Жардам берем дегендерин окуп алып коздон жаш чыгып кетти ушундай боорукер адамдар бар бул дуйно кармалып турат....... Силерге АЛЛАХ ыраазы болсун кудайым силерди эки дунуодо бакттылу кылсын оомиин
+19
kalima88
2017-07-30 00:22:29
Мен тамак -ашынан жардам берейин, кантип байланышсак болот?
+15
kalima88
2017-07-30 00:23:49
Макаланы даярдаган иним, купуяга кыздын дарегин жазып коюңуздарчы. ..
+10
Mamadisak
2017-07-30 00:27:18
Allah raazi bolsun.
+7
taalay25
2017-07-30 00:49:42
Убактылуу жашап турганга жай, иштегенге иш таап берем. Мага байланышыныз
+13
Dina-Ali
2017-07-30 00:58:06
Эже кудай сактаптыр батырак айыгып кетиниз.Мага байланышыныз 8926 951 41 01 жумуш бар келип корунуз.Туугандар жумуш бар байланышкыла.
+10
Birimdik5555
2017-07-30 01:02:43
Алах шыпаа берип сакайып кет ылайым,жардам берем дегендерди Кудай колдосун
+8
Asya_92
2017-07-30 01:11:54
Саламатсызбы эжеке сакайып кетиниз . Аллахым чын ден соолук узуун омур берсин . Балдарыныздын бактысына аман болунуз . Эжеке купияма тоолук данныйынызды жана телефон номеринизди жазып жиберинизчи.Колумдан келишинче акчалай жардам берейин. Жообунузду кутом .
+7
erlist
2017-07-30 01:46:16
Мен кыргыз элиме айттат элем москвага негизи эле Россияга келбей эле койгон он баягыдай жакшы болбой калды андан коро корея же америкага кеткен он тааныштар болсо...Москвада эртеден кечке иштеп тапкан акчандын дайны жок ойлонгула келгенден мурун...
+9
TUMAN1
2017-07-30 07:10:29
Саламатсынарбы! Квартира жана тамак ашына жардам бере алам байнаныш тел 89260181355 Кенжебек
+12
kg_emilbekov
2017-07-30 09:33:21
TUMAN1,аллах ыразы болсун бир тууганыбыздын башына иш тушуп калыптыр жардам берейли туугандар кайсы метро экен номери болсо жазып койгулачы
+6
Акназар Сулайманкулов
2017-07-30 11:13:05
+(7929) 529 91 92 Караеванын байланыш номуру
+7
ktmu1995
2017-07-30 11:43:07
Аллах шыпаасын берсин. Жардам берём дегендерден Аллах ыраазы болсун. Ушундай мекендештерим бар экенине сыймыктанам. Ар дайым ынтымакта болойлучу кыргыз элим.
+5
cholpon9393
2017-07-30 12:48:30
Жардам бергендерге Аллахым ыраазы болсун эки дуйно бактылуулукту насип кылсын,эде айыгып кетин батыраак
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан