Бүгүн Арча-Бешик конушундагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу кабарланган эле. Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркай "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилип, учурда жандандыруу бөлүмүндө экенин маалымдаган.
Белгилүү болгондой, окуя болгон конуштун тургуну өз короосундагы даараткана тараптан жаш баланын ыйлап жаткан үнүн уккан. Жаңы төрөлгөн баланы көргөн соң кошуналары менен биргеликте чыгарып, "Тез жардамды", милиция кызматкерлерин чакырышкан.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы төрөп, ымыркайын дааратканага таштап кеткен эне изделип жатат деп билдирди. Маалыматка караганда, аталган факты боюнча материалдар чогултулуп, жаңы төрөлгөн кыздын энесин табуу аракеттери жүрүүдө.