Ырчы Анна Седокованын Анатолий Цой менен түшкөн сүрөтү кызуу талкууга алынууда

Украиналык ырчы Анна Седокованын бүгүн, 3-августта өзүнүн социалдык тармакка киргизген сүрөтү коомчулукту кызуу талкууга салды. Көлдүн жээгинде тартылган сүрөттө Седокова 4 айлык уулу Гектор жана орусиялык “MBAND” тобунун солисти Анатолий Цой менен түшкөн. Ал гана эмес киргизген фотосунун алдына эч кандай билдирүү жазбастан, 3 жүрөкчө быйтыкчасын коюп койгон.

Ал эми Анатолий Цой да өзүнүн баракчасына ушул эле жерден түшкөн башка фотону киргизип “эң жакшы күн” деген билдирүү калтырган. Экөөнүн мындай сүрөттөрүнөн соң интернет колдонуучулар арасында чоң талкуу жүрүп, кээ бири эки жашты сүйүү мамилесинде дешсе, айрымдары бул жөн гана пиар болушу мүмкүн деп айтышууда.

Белгилей кетсек, Анна Седокова буга чейин 2 жолу турмушка чыгып, алардан 2 кыздуу болгон. Андан соң былтыр өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына кош бойлуу экенин жарыялап, быйыл 8-апрелде уул төрөгөн жана наристенин атасы 25 жаштагы Артём Комаров деген бизнесмен экенин айткан. Ошентсе да кош бойлуу кезинде Анатолий Цой менен кучакташып түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, ал анын жакын досторунун бири экенин айтып келчү. Бирок көптөр ырчынын сөзүнө ишенбей, жадакалса жаңы төрөлгөн наристе да Цойдун уулу болушу мүмкүн экенин айтып жүрүшкөн. Учурда жылдыздар жакын мамиледе экенин расмий түрдө жарыя кылыша элек.

Анатолий Цой – бир кезде кыргыз эстрадасында “МКД” тобунун мүчөсү катары ырдап, “Сауле” аттуу чыгармасы менен элге атагы чыккан. 2014-жылы “Меладзеге баргым келет” сынагында өзүн жакшы көрсөткөнү үчүн Константин Меладзе түптөгөн “MBAND” тобуна солист катары кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
buiga
2017-08-03 17:10:18
Бу ырчыларын болбойт.Бириникин бири жеп аткан))
+2
Saidochka
2017-08-03 19:51:30
Анна Седокова
0
nur_zhoni
2017-08-03 21:13:21
Анна седакова жакшы корот цойду Хочу к маладзе сынагында седакованын командасынан башка командага откондо ыйлаган
0
Lilia11
2017-08-04 07:24:25
Мм. Жаш балага тийип алыптыр да.....
0
Nadirov
2017-08-05 02:43:31
Мсигишшш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан