Кореяда өткөн таэквондо боюнча Азия биринчилигинде Кыргыз спортчулары байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына спортчу Максат Нарынбай уулу билдирди.
"Кыргыз өлкөсүнөн 18 спортчу мелдешке катышууга барганбыз. Бүгүнкү күндө спортчулар 2 алтын, 6 коло медаль тагынып, Кыргыз желегин көтөрдүк. Бүгүн 12 спортчу күч сынашат. Алар да ийгилик жаратат деген ишенимде турабыз. Биринчиликте Корея, Япония, Өзбекстан, Казакстан, Кытай сыяктуу ондогон өлкөлөрдүн спортчулары күч сынашууда", - деп билдирди Нарынбай уулу.
Маалыматка ылайык, чемпионатка катышкан спортчулар жеке каражаттарына барышкан.
Нарынбай уулу Максат - 1 алтын, 1 коло, Теңизбек Валиев - 1 алтын, 1 коло, Билимбек Жумабеков - 1 коло, Алтынай Рыскулова - 1 коло, Анастасия Хегай - 1 коло, Владимир Хегай - 1 коло медаль тагынышты.