Альпы чокусундагы альпинистти куткарып жаткан тик учак кулап кетти

Австриянын Гросглоккнер тоолорундагы Альпы чокусуна чыгып, ал жерден өзүн жаман сезип жаткан альпинистти куткаруу учурунда куткаруучу тик учак кулап кетти. Daily Telegraph агенттигинин маалыматына ылайык, ага жакын жерде турган дагы бир альпинист куткаруу учурун видеого тартып жаткан.

Куткаруучу тик учакка альпинистти киргизгенден кийин, учкуч башкаруусун жоготкон. Тик учак куткаруучуну сүзүп кулатууга аз гана аралык калганын видеодон байкоого болот. Андан кийин тик учак жарга тийип, жарылып кеткен.

"Өзгөчө кырдаалдан эч ким олуттуу жаракат алган эмес. Медициналык кызматкер денесинен жеңил жаракат алган. Куткаруучу топту жана альпинистти башка тик учак менен алып кетишкен. Ал эми сынган тик учактын бөлүктөрүн экспертиза үчүн топтоп кетишкен", - деп жазылат маалыматта.

Альпинистти куткарып жаткан тик учак кулап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elvira_88
2017-08-05 18:40:55
Рахмат супер инфо.
+2
Hadyja
2017-08-05 19:31:35
Кайра озу жардам бериш керек болуп калыптыр,жардам куткон адам
+3
Ayida
2017-08-05 20:03:47
Альпинистер куйгузду
+5
AlbertEinstein
2017-08-06 01:01:56
Жарылган эмес го
+1
AKCAHAT
2017-08-06 15:18:59
Эхх булар эмнелерди кыялданат биз эмнелерди. Булар тоолорду, чокуну, толкунду, табыятты багындыргысы келип жашайт а бизчи акча топтоп той кылсак, 2 этаж уй салсак, машинанын крутойун алсак, алтын таксак, 20жылдыкта ачылып барсак))))
+5
sara91
2017-08-07 15:24:36
AKCAHAT,туура атасын биз кыргыздар Эл учун жашайбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан