Ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт Лондондо өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда 0,03 секундага артта калып, эки америкалык спортчуга жеңилип калды. Жыйынтыгында Усэйн Болт коло медалга ээ болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы ямайкалык спортчу Усэйн Болт 100 метр аралыктагы жарышты 9,95 секундада басып өтсө, анын атаандаштары америкалык жөө күлүктөр 35 жаштагы Жастин Гэтлин менен 21 жаштагы Кристиан Коулмэн 9,92 жана 9,94 жыйынтыкты көрсөтүштү. Бул жыйынтык менен Усэйн Болт 2008-жылдан бери алгачкы жолу жеңилип жатат.
"Менин стартым мени өкүндүрдү. Буга чейин жакшыраак старт алчумун, бирок бүгүн болбой калды. Утулган себебим ушул деп эсептейм, мындай боло берет. Стадиондогу бардык күйөрмандар мени колдоп, мага түрткү беришти", - деди журналисттерге Усэйн Болт.
Маалымдай кетсек, Усэйн Болт Олимпиаданын 8 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондуктарында 100 метр аралыкты 5 ирет жеңип алган.