Бүгүн, 12-августтан 13-августка караган түнү жылдыздардын жаашын көрүүгө болот. Бул убакытта жакшы ойлорду ойлоо керек

Эл аралык метеорологиялык уюмунун маалыматына ылайык, бүгүн, 12-августтан 13-августка караган түнү асманда саатына 100дөй метеоритти көрүү мүмкүн.

Жыл сайын 23-июлдан 20-августка чейин Жер Свифт-Таттл кометасынын бөлүктөрү жана чаңдары аркылуу өтөт. Дал ошол чаңдардын майдалары жер атмосферасына кирип, күйүп кетет. Жердегилерге жылдыздар жаагандай көрүнөт. Бул кубулуш Жердин түндүк жарым шарына гана көрүнөт.

Метеорлор биздин планетанын орбитасына 100-120 чакырым бийиктиктен киришет да, бир нече секундага жетпей өрттөнүп кетишет. Свифт-Таттл кометасы Персей топ жылдыздарына жакын жайгашкандыктан, анын метеорлору Персеиддер деп аталган.

Тилекке каршы, чоң шаарлардын тургундары мындай кооз көрүнүшкө күбө боло алышпайт, себеби метеорлордун күйгөнүн шаардын жарыктары көрсөтпөйт. Астрологдор шаардан алыс жакка барып көрүү мүмкүн экенин айтышат.

"Бул убакыт аралыгында ар бир сөзүңүздү ойлонуп сүйлөп, жакшы ойлорду гана ойлоо керек. Себеби жылдыздардын жаашы сиз сүйлөгөн сөздү же ойлогон оюңузду ишке ашырып коюшу мүмкүн", - деп жазылат жылдыз төлгөсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
imanberdi98
2017-08-13 00:33:14
Ура мен көрдүм.Үч жолу көрдүм
0
dinikyz
2017-08-13 00:36:24
Мен 4 жолу кордум
+1
Batma08
2017-08-13 00:39:35
Корбой жатамгоо мен
+1
Batma08
2017-08-13 00:39:52
Силер кайда жашайсынар
+1
shankol88
2017-08-13 00:52:44
Мендагы көрдүм...
+1
begaliev96
2017-08-13 00:56:27
Бишкектен даана корунот экен
+1
imanberdi98
2017-08-13 01:07:17
Ошто. көрдүм мен көп эле
0
imanberdi98
2017-08-13 01:07:39
Канча саат учат экен е?
0
Abdullatif
2017-08-13 01:07:40
Мен да коро алган жокмун
0
Batma08
2017-08-13 01:10:13
Мен коралбай калат окшойм
0
Kanat.kg
2017-08-13 01:15:19
Урра! Мен 12 жылдыз кордум! Жанымда болом 22ни кордум дейт.
0
shankol88
2017-08-13 01:21:19
Оштода көрүнүп жатат көөп еле...
0
Abdullatif
2017-08-13 01:24:21
Мен 5 ти кордум Ошто
0
Rawka95
2017-08-13 01:58:37
Мен да кордум Бишкектен
0
bakulya2015
2017-08-13 23:03:56
Саат канчаларда көрөбүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан