Садыр Жапаровдун жактоочусу шаардык сотко кайрылуу үчүн үч күндөн бери соттук протоколду ала албай жатканын айтты

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов үч күндөн бери Биринчи Май райондук сотунан соттук отурумдун протоколун ала албай убара тартып жүргөнүн бүгүн, 9-августта SUPER.KG`ге билдирди. Ал жогорку инстанцияга кайрылуу үчүн Биринчи Май райондук соту өкүм чыккандан кийин 5 күндүн ичинде протоколду бериши керек экенин айтты.

"Биз жогорку инстанцияга кайрылыш үчүн бардык протоколдор менен таанышып, карап чыгышыбыз керек. Азыр 7 күн өттү. Эми болгону 3 күн убакыт калды. Мен үч күндөн бери ушул жерге келип катчыдан сурайм ал төраганын келишин күтүп жатканын айтат. Ошентип 7 күн өттү. Мыйзам боюнча протокол бизге 5 күндүн ичинде берилиши керек эле", - деди жактоочу Шарабидин Токтосунов.

Биринчи Май райондук сотунун катчылыгы жактоочу тараптан протоколдорду сурап арыз жолдонбогонун билдирди.

"Жогорку инстанцияга жактоочу өкүмдүн негизинде кайрыла алат. Ал эми Жапаровдун жактоочусунун протоколду сурап кайрылган арызы бизге түшө элек. Мыйзамда иштин көлөмүнө жараша протоколду 10 күндүн ичинде беришибиз керек", - деп билдиришти соттун катчылыгынан.

Эске сала кетсек, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов бул өкүмгө макул эместигин билдирип шаардык сотко кайрыларын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tailgate
2017-08-09 16:35:03
Садыр Жапаров камалды ! Ким бироо жарымынарга муйуз чыктыбы?
+1
jbolotov
2017-08-09 20:18:31
Бул чечимди Жогорку Сотто озгортсо болот закон боюнча, бирок сотторго ишнич жокда, кыргыз учун куйгондорду соттогондор манкурттарда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан