Садыр Жапаровдун жактоочулары сунуштаган 9 күбөнү сотко алып келүү өтүнүчү канааттандырылган жок

Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда Садыр Жапаровдун ишин караган соттук отурумдун жүрүшүндө күбө Жолдош Кожобековду алып келүү боюнча талаш жаралды. Сот күбө Кожобековдун жүргөн жери белгисиз экендигин айтты.

"Эң негизги суралчу адам Кожобеков. Биз ошону сурашыбыз керек. Прокурор аны алып келүүгө милдеттүү. Силер Жумабаев менен Кожобековдун көрсөтмөсү эки башка чыгып калат деп коркуп жатасыңарбы?" - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров жана анын жактоочулары 9 күбө бар экенин айтып, соттон аларды алып келүү өтүнүчү менен кайрылуу жасады. Прокурор болсо ага каршы чыкты. Сот өтүнүчтү карап Бакыт Аманбаевди, тергөөчүлөрдү да чакыруудан баш тартты.

Соттук отурум 17-июлга калтырылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekov01
2017-07-14 17:08:23
Жапаровду бошоткула ел учун кыла турган иши коп али
+2
jbolotov
2017-07-15 00:10:26
Президентике катышса болотурган саясатчыны болбогон шылтоолор менен отургузуп койгонуна куйосунда. Мамлекет учун кайсы саясатчы куйуп атат? Атамбаев Кыргыз элине караганда Орус учун коп иш кылып берди, муну акылы бар ар бир адам тушунот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан