"Ливанда өткөн сулуулук сынакка Кыргыз өлкөсүнүн атынан катыштым" деген Сусанна Егоряндын Армениянын атынан катышканы белгилүү болду

Буга чейин SUPER.KG порталына 17 жаштагы Сусанна Егорян Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн "World Next Top Model" сулуулук сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, биринчи вице-мисс аталганын билдирген.

Бирок социалдык тармактарда Егоряндын Кыргыз жеринен эмес, Армениянын атынан барганын далилдеген сүрөттөр желдей тарап, коомчулуктун ичинде кызуу талкууну жаратууда. Ал сүрөттөр алгач 19 саат мурун аталган сынактын социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылган. Ошол эле баракчада моделдин Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыккан сүрөттөрү да 22-июлда жүктөлгөн. Мындан улам Сусаннанын өзү менен байланыша албаган соң "Up Models" агенттигинин менеджери менен байланышсак, алгач түшүнбөстүк болуп жатканын айтып Егорян Кыргыздын атынан барганын билдирди. Арадан көп өтпөй кайра байланышып, моделдин Армениянын атынан барганын тастыктады.

"Биздин бул тууралуу маалыматыбыз жок. Егорян башында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан. Армениянын атынан катышканын бүгүн уктук. Негизи мындай чоң сынактарда сөзсүз түрдө өлкөнүн атынан колдоо болуш керек. А бизде андай жок. Мындан улам ал өз элинин атынан чыгууну туура көрсө керек. Биз Сусанна менен байланыша элекпиз. Андыктан бул боюнча азырынча эч нерсе айта албайбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, сынак ушул жылдын 14-июлунан 5-августка чейин өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
admin_superstan
2017-08-09 15:31:01
rios.07, этика нормаларын сактаңыз. 3 күнгө БАН!
-1
SansaNePredaiJohna
2017-08-09 15:36:51
ит эле кылыптырго бишкектиктерди
-1
Farhad.baku
2017-08-09 16:16:34
SansaNePredaiJohna,кандай Бишкектиктерди
0
Farhad.baku
2017-08-09 16:17:13
SansaNePredaiJohna, сен кыргыз эмесинби
0
jonne
2017-08-09 15:41:35
Кыргыз кыздары ушундай болуп катышса жок болбойт туура эмес дейсинер денесин ачып алып деп эми кайра кыргыз кыздар жок беле дегендей тур корсотосунор!! Мейли мындай сынака катыша берсин
+1
Nukeww
2017-08-09 15:49:29
уктатып коюптурго э
+4
Farhad.baku
2017-08-09 16:02:54
Бул кылганы болбойт биздин сууну ичип наныбызды жеп кочуп кетсин анда ошо жака
+1
admin_superstan
2017-08-09 16:13:46
rahatov, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
arzygulR
2017-08-09 16:19:56
Чара коруш керек кандайдыр жон калтырууга болбойт
+2
suban78
2017-08-09 16:24:09
Башын оскур Сусанна уйго келерсин, колума тушорсун, башкача суйлошпосом сен менен. Балдарды чонойтуп койсо ушу экен да.
0
AsNasridinov
2017-08-09 16:41:07
Кыргызга кыргыздан башка эч ким жан тартбайт. ошон учун кыргызстанда жащаган башка улутагы адамдардан умут кылбайле койуу кк.
+5
Azatbek83
2017-08-09 18:18:52
Келсин озу айтып берет эмне болгонун оз озунан угасынар.Окмот колдобойт мындайларды кызыгы жок чонтогун гана ойлошот .Конечно Армения корду да илип кетти.
0
nargiza1986
2017-08-09 18:23:21
Армениянын атынан катышса катыша берсин. Эмнеге башында Кыргызстандыктарды алдап Кыргызстандын атынан чыгам деп айтат. Колдоо жок болуп Армениянын атынан чыкса керек дептир. Анда ошону эрте эле айтса болбойбу. Менимче организаторы тоже были в курсе. Же эмне Армениянын атынан чыгышы ушундай кыска убакытта чечилди деп ойлойсунарбы? Мынча подлый адамдар.
+3
qwert123
2017-08-09 18:31:19
ээй кыргызым кордунорбу бизге бирда улут куйбойт биз учун олбойт ошон учун ынтымактуу бололучу кыргызды кыргыз коргондо жан тартып туралычы суранам
+4
talas0707
2017-08-09 18:45:05
ошондуктан кичине патриот болуш керек, жаман болсода кыргызды жибериш керек!
+3
Meryem77
2017-08-11 03:09:51
Даана сатылганы билинип турат!чара көрүшсүн!ушу боюнча калтырбаш керек!сулуу болбой кара жерге кир!
0
aza84
2017-08-12 05:34:17
Кыргызымдын эле кыздарынан жиберсе болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан