Бүгүн, 10-августта Ош облусунан ажылык сапарга баруучу зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетти.
Муфтияттын маалымат кызматы билдиргендей, ажылык милдетин өтөө үчүн сапар тарткан зыяратчыларды узатуу аземине муфтийдин орун басары Замир Ракиев, Ош облусунун казысы Самидин Атабаев жана башка дин кызматкерлери катышып, зыяратчыларга ак жол каалап, ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарып келүүсүнө тилектештиктерин билдиришти.
"Ажылык парз машакаттуу, сабырдуулукту жана кайраттуулукту талап кылган ибадат. Зыярат учурунда бардык кыйынчылыктарга кайыл болуп, сабырдуу болуңуздар", - деди Замир Ракиев.
Мындан тышкары зыяратчыларга Кыргыз мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбековдун ажылык амалдарды аткаруу жөнүндө чыгарылган атайын китепчеси таратылды.