Президент Алмазбек Атамбаев сугат жерлерди трансформациялоо мыйзамын каршы пикир менен парламентке кайра иштеп чыгууга жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта бул мыйзамдын кесепетинен жер участокторун трансформациялоодо коррупциялык тобокелдиктер пайда боло турганы жазылган. Мыйзамда кызмат адамдарына ыйгарым укуктар берилген, мында алар кабыл алынган мыйзамдын жоболорун өзү каалагандай колдонууга жана талаш чечимдерди кабыл алууга укуктуу болуп калган. Парламент трансформациялоого сунушталган жерлердин санын өкмөт аныктасын деген чечим кабыл алган.
Ошондой эле сугат, айдоо жерлерин жарактуу жерлердин категорияларына трансформациялоо үчүн уруксат берүүгө кайсы документтер талап кылынарын тактоо зарыл экени айтылат. Мындан тышкары Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорду үчүнчү окууда карап жатканда мазмунун өзгөрткөн сунуштарды киргизген. “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамында мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбей турганы эскертилди.
Эске салсак, 29-июнда парламент мыйзамды үчүнчү окууда жактырган.