Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Бүгүн аларга карата өкүм чыгары күтүлүүдө. (Сотто видео-сүрөт тартууга тыюу салынгандыктан түз эфирде аудиожазуу жүргүзүлүүдө).
Бүгүнкү отурумда Текебаев жарыш сөзүн улантты. Ал 2010-жылдагы тарыхый кырдаал, анда кабыл алынган чечимдер, Убактылуу өкмөттүн түзүлүшү, кадрлардын дайындалышы туурасында айтып берүүдө.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.
Сотто Текебаев жарыш сөзүн улантты
Текебаев: "Мен өзүм каалаган учурда да 2010-жылы 13-майда Маевскийге 10 мүнөт убакыт таба алмак эмесмин"
Текебаевдин жарыш сөзү
Жактоочулар Текебаев менен Чотоновго сот кыйноо көрсөтүп жатканын айтышты
Адвокаттар менен соттун талашы