Текебаев менен Чотоновдун сотунда дагы 18 киши күбө катары көрсөтмө берет. Кийинки отурум 7-сентябрга жылдырылды

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 5-сентябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев тергөөдөгү протоколду окуп чыгып, күбө катары суралган адамдардын көпчүлүгүнүн көрсөтмөсү жок болуп жатканын айтты.

"Эң маанилүү көрсөтмө бергендердин көрсөтмөлөрү протоколго камтылбаптыр. Чечимге болсо таптакыр эле кошулбай калган. Ошондуктан Конституциялык кеңешмени уюштурган негизги адамдарды жана Убактылуу өкмөттүн ошол учурдагы мүчөлөрүн кайрадан көрсөтмө берүүгө чакыргыла. Жалпы 50гө жакын адам келиши керек", - деди Текебаев.

Сот прокурорлордун макулдугу менен өтүнүчтү жарым жартылай канааттандырып, 18 адамдан күбө катары көрсөтмө алууну чечти.

Жактоочулар күбөлөрдү суроо үчүн башка күнгө жылдырууну өтүнүштү. Соттук коллегия чечим кабыл алуу үчүн кеңешип чыгып, 7-сентябрь күнү саат 10:00дө улантууну чечти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
take.kg86
2017-09-05 18:07:23
Эх Чиркештин баласы сени баари бир жеңет тиги Шаршендин баласы. Анткени анын колунда алтын канжарлар бар
-1
kalpak.kg92
2017-09-05 19:37:43
take.kg86,Теке женип чыгат...Ашанын убагы буткону калды ..Теке чыкса шооу башталат алтын канжары мокоп калган болот
0
Tolkun555
2017-09-05 22:02:53
Ай Теке жегендин кусмагы бар.шаардык сот да райондук соттун чечими кучундо калды деп койот.
+3
Aza96
2017-09-05 22:09:10
Ушул текелер жаман тажатты э же кирип кетпеди же чыгып келбеди?
+2
nemo2016
2017-09-06 00:24:58
2-сезон башталдыбы
0
Kg.arts.
2017-09-06 05:50:51
Премьерди мен кетирдим деп мактанат, акчаны мен алган жокмун деп актанат. Эгер акталып чыкса, байкуш Атамбаев каякка качат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан