Ысык-Көл өрөөнүндө мөндүр жаады. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Көл өрөөнүндө мөндүр жаап өттү, мөндүр кечээ да жааган. Эч кандай өзгөчө кырдаал жаралган эмес. Кыска убакыттан кийин мөндүр токтогон", - деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматынан.
Күбөлөрдүн айтымында, учурда аба-ырайы турукташып, эс алуучулар көлгө чөмүлүп эс алып жатышат.