Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: "Курман айт майрамы 1-сентябрда белгиленет"

Курман айт майрамы 1-сентябрь күнү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын ушул жылдын 16-августундагы катына ылайык, 1-сентябрда өлкөдө Курман айт майрамы белгиленет. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Курман айт майрамында өлкөдө дем алыш күнү деп жарыяланат.

"Өлкөдө тургундар 4 күн катары менен дем алат. Бейшемби, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамында дем алыш күнү болсо, 1-сентябрь да иш күнү эмес. Бирок мектептерде Билим күнү демейдегидей эле белгиленет", - деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rajab
2017-08-18 17:42:49
Алхамдулиллах олбогон жанга айт келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан