Абдумалик Шерматовдун камкордугундагы эки көзү көрбөгөн аял ырчы камалгандан бери балдары менен ачка отурганын айтты

Кечээ, 18-августта ырчы Абдумалик Шерматовдун камакка алынганы белгилүү болгон. Ушул эле күнү анын үстүнөн арыз жазгандар окуянын чоо-жайын айтып беришкен. SUPER.KG порталы өз учурунда ырчы Абдумалик Шерматовдун тарабын да окуя боюнча угууга даярдыгын билдирген эле. Андыктан Абдумалик Шерматовдун жарандык камкордугундагы аялмын деген Айнагүл Абасова менен байланышып, бул окуялар боюнча пикирин уктук.

"Ал эч кимден акча алган эмес. Мунун баары курулай доомат. Бул иштердин баарын анын мурдагы аялы уюштуруп жатат. Менин эки көзүм көрбөйт, жалган сүйлөбөйм. Абдумалик көзүмдүн көрбөгөнүнө карабай, эки балам менен өзүнүн камкордугуна алды. Мурда Шамалды-Сай шаарчасында бир кампада жашачумун. Ал мени сахнага алып чыгып, жашоонун кандай экенин көрсөттү. Күйөөм ичип, чегип, мени ур-токмокко алчу. Кийин Абдумалик менен сахнага чыгып ырдап, күйөөм менен жашабай калгандан кийин ырчы менин макулдугумду сурап, балдарым менен өзүнүн камкордугуна алды. Эки күндөн бери ал камалып кеткенден кийин эки балам менен ачка отурабыз. Ал болгондо концерт коюп, бизди ачка калтырмак эмес”, - деди Абасова.

Ал эми Абдумалык Шерматовдун жактоочусу ырчынын камалышы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. “Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар менен тергөөчү аркылуу байланышып таанышсаңар болот. Мындай иш ар бир адамдын башына келип калышы мүмкүн. Тергөөдө баары иликтенет”, - деди жактоочу.

Эске сала кетсек, ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип 15-августтан 16сына караган түнү Чүй облусунун аймагынан кармалып, 2-сентябрга чейин эки жумага камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
ayjan_90
2017-08-19 16:05:13
Абдималик бул эжеден пайдаланып калайын дептир да жаман оюм жок бирок козу азиз болсо элдер аяп концертине коп адам барса ортодо иштеп калмакчы болуптур да куйоо болумуш болуп андан коро куйоосу менен ажыраштырбай эле жардам берсе болбойт бекен
+16
meni_kut
2017-08-19 16:34:37
Эми куноосу далилденип,Абдималик камалса бул келин тиги куйоосунон жок,же Абдималиктен жок калат турбайбы
+16
s.malejo
2017-08-19 16:58:33
Бул келинди куйоосу Темиш эч нерсесине карабай алган.укмуш эле карайт эле, эч кандай ичпейт.аявай жоош байке.колунда жоктугу гана болбосо.ырчы мн кетип калган озу.куйоосун март айында кордум, жененер гастролдо деген.корсо тийип алыптыр да
+13
ayjan_90
2017-08-19 17:35:40
s.malejo,оа мен да уккам куйоосу норм эле болчу эч кандай ичпейт бир козу жакшы корбойт куйоосунун да бирок жакшы карайт эле аялын Абималик башын айландырды го андан пайдаланып алайн деген ага коп болсо оокатына жетчу акча беретда калганы озуно
+7
gitaris93
2017-08-19 17:32:35
Аа байкуш куйоосу туну менен базар шыпырып ак эмгеги менен бакчу эле бул эжени. Бул эжеден да жалган айтып пайдаланып жатса керек ырчы Абдымалик.
Бул эженин мурунку куйоосу ичпеген жоош киши эле.
+6
Ayida
2017-08-19 17:33:03
Тообо кимге ишеничти деле билбейсин адам.Козу азиз Аллага жакын болуп калп суйлобосо керек эле?Же булар деле алдап калганбы?Абдумалик кезинде укмуш аты чыкты элего.Эми абдан жудоп калыптыр жонокой болуп.
+6
Aidani
2017-08-19 20:42:21
Ошол эле халаты го Абдумаликке тийип алганы шумдук го шермендее
+4
novayariga
2017-08-19 21:01:22
Концерт эми баштабашталыптыр го
+1
ady-88
2017-08-19 21:33:22
Абдималик XXXX экенго чиркин. Бироонрун уйбулосун бузбай эле койбойбу. Уят эле козу сокур келиндин башын айлантып ошондон акча жасаган.
+7
ady-88
2017-08-19 21:34:48
Келиндин да башы жайында эмесго. Жакшынакай куйоосу турса бактысын тееп.
+5
Djal1987
2017-08-20 01:05:05
Коп аял менен мамиле кылган эркектин жашоосу бардак болот.
0
Aijana121197
2017-08-20 02:26:21
Тобоо Абдумаликко майли, мына келинге не жок бир жакщына куйоосун чанып, экоо копко барбайт билинип турат, эки тоонун чобун энсеген ачка калат болбосо болду,бизге го баарибир.
+4
Kaza
2017-08-20 02:52:13
Абдумалик эмес эле АфёрМалик болуп калган го бу байкебиз,,,,,!озгочо шуулдак киши экенин билинип турат ко интервыюларында,,,,экооно тен ишениш кыйын,,,,,ыйман берсин журогуно байкебиздин,,,,
+3
bakan
2017-08-20 03:04:25
Мм
-1
jusup111
2017-08-21 06:46:50
Аллах кандай тагдыр жазса ошону коробузда.
Куйоосун кордогон, куйоосун ыраазы кылбаган эки дунуйо бактысыз
0
deva
2017-08-21 11:19:27
"Алган эмес" деп жатат го мунусу. Ай Шерматов 50 жылдыгын өткөрүп жатканда бул келин жок болчу жанында. Анара деген аялы чуркап жүргөн, той да беришкен Бишкекте. Эмне "менин бирөөдөн 800 миң, дагы бирөөдөн 700 миң сом карызым бар" деп айтмак беле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан