Ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип камакка алынды. Анын камакка алынганын Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ал эми атын атагысы келбеген жабырлануучунун SUPER.KG`ге билдиргенине караганда, Шерматов алдамчылыкка шектелип эки жумага, 2-сентябрга чейин камакка алынган. Ал ырчынын камалганына 3 күн болгонун кошумчалады.