Бишкекте мотоцикл менен жеңил унаа сүзүшүп 1 адам каза болуп 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 19-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшүп алган.
Натыйжада мотоциклдин 22 жаштагы айдоочусу ошол жерден каза болсо, аны менен чогуу бара жаткан 17 жаштагы кыз оор жаракат алган. Ал эми унаанын 23 жаштагы айдоочусу жана 23 жаштагы жүргүнчүсү да жаракат алып ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле аталган маалыматта учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканы айтылат.