Москвадагы өрт кырсыгында 17 адамдын өмүрүн алган басмакананын директоруна жана башкы инженерине карата чыгарылган сот өкүмүнө каза болгон адамдардын жакындары нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, буга чейин сот басмакананын директору 46 жаштагы Сергей Москвин өрт коопсуздугун сактаган эмес деген кине коюп аны күнөөлүү деп таап 2,5 жылга, башкы инженери 49 жаштагы Антон Яцковду 3,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Мындай чечимге нааразы тараптар сотко арыз менен кайрылуу үчүн даярдык көрүп жатканын билдиришти.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 27-августунда Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза болсо, алардын 14ү Кыргыз Республикасынын жарандары.