ЭЛДИК КАБАР: "Сулайман-Тоого келген туристтер түштөнүүгө кеткен кызматкерлерди күтүп отурушат" дейт окурман

Сулайман-Тоого келген туристтер түштөнүүгө кеткен кызматкерлерди күтүп отурушканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 20-августта окурман кабарлады.

"Бүгүн дем алыш күнү балдар менен Сулайман-Тоого чыктык. Эң кызыгы "обед" деп жаап коюшуптур. Менимче, эки адам болуп тыныгуусуз эле иштесе болот, сыртта күткөн эл аябай көп. Арасында чет элден келген туристтер да бар. Чет өлкөгө барып эле жүрөбүз мындай көрүнүшкө туш болгон эмеспиз. Кытайдан келгендер бар экен, алар бул көрүнүшкө таң калышууда", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Patriot7
2017-08-20 14:59:11
Музейди тушку тамакка деп жаап кою эч бир жерде каралбаган. Обед бул профилактика эмес!!! Музейге 1 тын жетекчи, 1-2 кароолчу, акча чогулткуч, 1 бухгалтер, 5-7 илимий кызматкер, гид жетиштуу, калган ашка жук, башка жук 70 кызматкерди кыскарткыла!!! Туголбай Казаков, окуп калсан же адамга окшоп иште министр болуп, болбосо ордунду иштей тургандарга бошотуп бер, иштеш колундан келбесе!!!!!
+24
Ma9
2017-08-20 15:03:18
Бир бирден барып обед кылышса болот булар чогу барып ушакташып саат болсо барабызда деп журушконда эртен жетекчилик бир шылто табат
+8
Janusia
2017-08-20 15:20:10
80 ден ашык кызматкер иштээрин билбептирмин, анда туура, кезектешип тамактанып келишсе болот да
+11
Atakem01
2017-08-20 15:48:02
Саны бар сапаты жок жумушчулар.
+5
bars_wire
2017-08-20 15:59:14
Музейге кириш учун ушунчалык коп эл топтолуп калат деп эч ойлобогон экем.Суйунучтуу.
+3
nurbekasr
2017-08-20 16:38:10
Кысталактар десе кандай немелер экен тойбогон.Обедди ичинде кылса деле болот го,эмне сөзсүз эле ылдый түшүп майда чычкан манты жеп келиш керек беле.Эртең менен үйүнөн жарты же бүтүн нанбы сумкасына сала келип,түштө обед маалында суу менен жеп деле алышса болот эле.Илгери биз да тоого кой жайганда түшто обед маалында ала барган наныбызды суу менен эле жеп алат элек,койлорду каратып туруп.
+5
nurshoola
2017-08-20 16:56:27
Супер эми жооп алып бергиле эмне деп актанышат экен обедке кеткендер
+6
satiev87
2017-08-20 17:09:57
башка жактарда тушку тамак учурунда иштеп жатпайбы. иштеш керек иштейтурган жерде.Анда ашпозчулар деле обед деп отуруп алсын элге тамак бербей.
+8
raykray
2017-08-20 19:30:15
тообо Москвада офисте отурган орустар и начальникда контейнерге тамак салып келип жеп анан боксун жууп столуна барып отуруп иштейт,булар эртен шериги ооруп калып бироосу ачка калып олгону атып сыптка чыккан болот и кечирим сурап коет
+1
talant87
2017-08-20 20:26:06
Арендага берсенер тунуда ачып коймок акча табам деп 5адам тазалап жууп абетсиз иштемек мамлекетин акчасын жебей
+4
Too-tash
2017-08-20 22:03:15
Эртен каяктагы жок шылтоону айтпастан, бизге Сулайман Тоо музей комплексинде иштеген ошол 80ден ашуун кызматкердин аты-жону, кызмат абалы (должность), маянасы (ар биринин) жазылган тизмени бергиле... Ошондо бир директордун 2-3 орун басары (зам.директор), керексиз айдоочусу, айда жылда бир корунгон художниги ж.б.ашка-жук башка жук кызматкерлер чыкпаса мага келгиле!!!

Булардын маянасы казынадан, б.а.элдин-биздин чонтогубуздон толонуудо. Биз каяктагы бекерчилерди багууга каршыбыз!!!
+3
Too-tash
2017-08-20 22:06:33
Эгер маданият министри болобу, Окмот же башка тиешелуу жетекчилер болобу, иштегени ырас болсо, чара коруп, музей кызматкерлеринин санын 15-25ке кыскартат деп умут кылалы... Эгер эч ким унчукпаса, чара корбосо, анда эшек жайлоо болгону ошол Кыргызстандын.......
+5
Jarookerjan
2017-08-20 22:21:42
Жоопкерчиликти сезишбейт да.Жок дегенде бугун дем алыш кун эл коп келе турган куну жаап салбай жакшы иштешсе болмок.
+2
Mervi
2017-08-21 03:33:47
Мен дагы алыстан келген коноктор м.н эки жолу барганмын. Экоодо тен жабык болуп ичине кирбей кайтканбыз. 2012, 2015- ж. Биринде даары септик дешкен. Биз го мейли, алыстан келген туристер Сулайман тоого келип корбой кетсе бул кандай?
+1
Ak_Bulut
2017-08-21 06:01:01
Автор молодцы бул корунуш канчадан бери келе жаткан конумушту корсотуп чыкты. Туура туристерди куттурбой албашкан режим менен иштеш керек.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан