Кыргыз курамасын көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунан четтетүү маселеси каралууда

Кыргыз курамасын көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунан четтетүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тараткан маалыматында айтылат.

"Кыргыз курама командасы менен Монголия курамасынын беттеши бүгүн саат 9:00дө башталмак. Бирок уюштуруучулар тарабынан Кыргыз курамасы оюн талаасына чыгарылган эмес. Буга "аттардын арткы буттарындагы таканы алып салгыла" деген талап себеп болгон. Мындан улам Кыргыз курама командасы калыстар тобунун атына нааразычылыгын билдиришкен. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугуна катышпоо демилгесин көтөрүшкөн. Азыркы тапта уюштуруучулар тарабынан Кыргыз курамасын оюндан четтетүү маселеси каралууда", - деп билдиришти аталган агенттик.

Айта кетсек, мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышууда жана алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келген. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Azatbek83
2017-08-21 14:33:13
Кыргызстандан Казакстан коркуп жатышат Кыргызстан биринчи орунду алып коет дешип ошого ар кандай шылтоо кылып жатышат.Биздикилер ойундан баш тартышып кайтып келе бериш керек.Бул турушунда Казакстан дагын бир нерсени таап биринчиликти беришпейт оздору биринчи болгулары келип жатат.Ушул кылганына казактар таджик озбектин утулуп калса экен ошондо корот элек.Кыргызстан учун таджик озбек эч нерсе эмес жон эле женебиз Ошондо коробуз казактарды!
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-08-21 14:33:13
Хаахаххахахаха кулкумду келтирди дуйно эли коркуп турат бизден алга кыргыз элим алга кыргыз жигиттер.
+3
sema1993
2017-08-21 14:44:52
Булар улакчы Манасты киргизбей аттын такасын алсын деп оздорунчо эле талаптарын коюп алышкан.Кыргызды коргондо ХХХХ булар.
0
admin_superstan
2017-08-21 14:55:08
sema1993, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
+1
ali1995
2017-08-21 14:47:09
Казахтар озунон коркуп атат.
+2
ali1995
2017-08-21 14:48:10
Эгер ушунтсе мындан ары казахтар уюштурган бирда иш чарага барбаш керек
+2
kurstan_810502
2017-08-21 14:55:31
Эптер кыргыз курама камандасын четтетип дуйнолук оюндан казактар элик кылыш керек кок боруго кок бору казактардыгы дедиртип
+1
BekAmir
2017-08-21 15:10:17
Коркушту биздин жигиттерден
+2
jake91
2017-08-21 16:01:03
казактар емне еле болуп атасынар ойнобой еле туруп силерге берип койолу 1 местаны уят еле
+1
iasin
2017-08-21 16:01:05
Увай ата кор буларды. Колго келгилечи, ХХХХХ!!!
+2
admin_superstan
2017-08-21 16:04:33
iasin, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
ninja82
2017-08-21 16:07:04
Манасты келбесин дегенде эле барбайбыз деш керек эле,азаматсынар жигиттер,казактардын журогуно сууну аябай сепкен экенсинер!
0
Ma9
2017-08-21 16:23:34
Казактар ХХХХ келет экенда озу бут тосу болуп атыптырда
0
satiev87
2017-08-21 17:28:22
такаларынын учу шиштака окшойтда
0
Azamat_15
2017-08-21 18:40:21
Кыргыздыы казак жене албайт,салып кой баурым эсине
+1
aza84
2017-08-21 19:21:47
Бекеринен макал айтылган эместа казактын тили татту дили ачуу деп биздин улакчыларды эптеп киргизбештин амалыда негизи булар уюштурган мааракелерине катышпай эле коюш керек акындарыбыз барса аларды жаман кылса улакчыларыбыз барса аларды минтсе бул иштерди кандай тушунсок болот
+1
mirkaa5182
2017-08-21 22:29:55
Такасы жок кандай болсун, же казахтардын аттарынын такасы жок бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан