Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова нигериялык балбанды жеңип жарым финалга өттү

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы беттешинде Айсулуу Тыныбекова нигериялык балбанды жеңип жарым финалга өттү.

59 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо менен кездешкен. Анда Кыргыз балбаны 1-бөлүктө 1:0 эсеби менен жеңип, 2-бөлүктүн ортосунда эсепти 2:1 кылган. Беттештин аягында 2:3 эсеби менен жеңилип жатып эсепти 4:3кө айлантканга жетишти. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова 4:3 эсеби менен жеңип жарым финалга өттү.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда германиялык Лаура Мертенз менен күрөшүп 6:0 эсебинде жеңип алган.

75 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы жарым чейрек финалда беларусь спортчусу Василиса Марзалюк менен кез келген. Беттештин жыйынтыгында Василиса Марзалюк Айпери Медет кызына мүмкүнчүлүк бербей 6:0 эсеби менен жеңип кетти. Кыргыз балбаны буга чейин кореялык Намжу Хё менен күрөшүп 3:0 эсеби жеңишке жеткен.

Назира Марсбек кызы 55 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык Марина Седневага туш келген. Анда Казак спортчусу 12:1 эсеби менен Назира Марсбек кызын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Razzak.kg
2017-08-23 17:21:25
Азамат!!!
+1
Ma9
2017-08-23 20:13:37
Урааа
0
allia
2017-08-23 21:10:41
Красавица
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан