Патрулдук милициянын мурдагы башчысы жаңы кызматка дайындалды

ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси болуп, милициянын полковниги Эркин Баев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Айта кетсек, Эркин Баев 1967-жылы туулган. 1989-жылдан тарта ички иштер органдарында милиция кызматкери катары кызмат өтөп баштаган. Бир катар жетекчилик кызматтарда иштеп, ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгын, ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жетектеген.

Буга чейин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы болуп Каныбек Жумашалиев дайындалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
voennyi88
2017-08-24 09:38:33
Оорун алмашуудан сумма озгорбойт.
+3
ady-88
2017-08-24 10:01:13
Ажакшы майлуу жерге отуруптур орун кут болсун. Пара берген акчаларын кайра 100эсе кобойтуп алсын элдин жон терисинен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан