Ысык-Ата районунда 15 гектар бадал, куураган чөп күйүп кетти (фото)

Ысык-Ата районунда 15 гектар бадал, куураган чөп күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 27-август күнү саат 14:00 чамасында келип түшкөн. Анда Ысык-Ата айыл аймагындагы тоодо куураган чөптүн күйүп жатканы айтылган.

"Өрт чыккан жерге 7 өрт өчүрүүчү машина, 200дөн ашык өрт өчүрүү, куткаруучулар барышкан. Саат 19:10до чектөөгө алынып, 20:35те толук өчүрүлгөн. Ал жерге 4 чатыр тигилип, 112 куткаруучу нөөмөттө турат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан