Учурда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 25-31-август аралыгында спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Манас оюндары" өтүп жатат.
Аталган мелдеш 4 жылда 1 жолу өткөрүлөт. Мелдеште 63 медалдык комплекттери ойнотулат, жалпы эсеп менен спортчулар 189 медалга ээ болушат.
Мелдештердин аягында жалпы командалык жыйынтык чыгып, курама командалар байге менен сыйланат.
Байге фонду:
1-орун - 1,5 миллион сом;
2-орун - 1,2 миллион сом;
3-орун - 1 миллион сом;
4-орун - 500 миң сом;
5-орун - 300 миң сом.
Маалымдама:
"Манас оюндары" 4 жылда бир жолу өткөрүлөт. "Манас оюндары - 2013" мелдешинин жеңүүчүлөрү:
1-орун - Чүй облусу;
2-орун - Талас облусу;
3-орун - Бишкек шаары.