Ош облусунун милициясы жолдун жээгинде унаасы менен токтоп турган туристтерди сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун издейт. Катталган кырсык тууралуу жана айдоочунун изделип жаткандыгын SUPER.KG порталына Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын тергөөчүсү Жанна Сатарбаева бүгүн билдирди.
"Окуя 3-сентябрдан 4-сентябрга караган түнү Алай районуна караштуу Сары-Таш айылына жакын жерде, Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 150-чакырымында болгон. Унаанын ичинде Германиянын жарандыгындагы 2 турист жана аларды баштап жүргөн Сары-Таш айылынын тургуну болгон. Алардын унаасын чөп жүктөгөн жүк ташуучу унаа келип сүзүп, кырсык болгон жерден айдоочу качып кеткен. Жабырлануучулардын айтымында, унаанын маркасын жана номерин көрө албай калышкан. Жаракат алган адамдар ооруканага кайрылышкан, абалдары туруктуу", - деп билдирет Сатарбаева.
Жаракат алган адамдар:
Кэник Брауэр Карбюнант - 1994-жылы туулган, Германиянын жараны;
Элзаед Камиль Махмуд - 1993-жылы туулган, Германиянын жараны;
Жеңиш Ибраимов - 1983-жылы туулган, Кыргыз өлкөсүнүн жараны.