Бийликти сындап жазган акын Темирлан Ормуковду камакка алуу үчүн ага издөө салынды

Бишкектин Октябрь райондук соту активист, акын Темирлан Ормуковду камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу 5-сентябрда активист Адил Турдукулов маалымдап, соттун тийиштүү токтомун жарыялады. Ормуковго издөө салынды, кармалгандан тарта Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго 1 айга камакка алынат.

Ормуковго буга чейин өлкөдөн эч жакка кетпөө жөнүндө сот чечими чыккан. Жабырлануучу тарап анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү айтып сотко кайрылып, өтүнүч канааттандырылды. Маалымат интернетке тарагандан кийин Ормуков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына минтип жазды:

"Көӊүл бургула, издөө салабыз! Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер изделүүдө! Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын токтому менен мен изделип жатам..."

Активист жашаган дареги жана башка маалыматтары прокуратура менен сотто бар экенине карабай издөө жарыяланганына түшүнбөй турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Midub
2017-09-05 11:36:14
Сталинизм башталды
+25
kechirmeni
2017-09-05 12:29:02
Midub,Бирок Сталиндин С сына да тен келишпейт
+5
Snejana
2017-09-05 12:18:59
Ай ай !????? Ушундай дагы болот экен ээ
+7
kyrgyz.kg83
2017-09-05 12:23:14
Чекеден камай баштадыго тили чыканын,мазактабай мактайын десе,мактого татыктуу жумуш жургузгон жоксунар,еми чычалап кучко салып камай берсенер,арты жакшылыка алып келбейт.
+20
grace
2017-09-05 12:23:44
Эмне үчүн камайт, бизде 1937-жылбы? Репрессия кайра жанданабы?
+6
medet1983
2017-09-05 12:32:08
Эл ынтымактуу болуп,Баардыгы которулуп акыйкатты айтпаса,Булар бирден камай берет.Баш которуп чындыкты айткан адамдарды.
+21
kechirmeni
2017-09-05 12:36:58
Минусту баскан бийликтин Арзыматы окшойсун баса бер, баскан сайын сага акча берет
+21
ukmuw-ukmuw
2017-09-05 12:37:13
Туура еле качанкыга чейин балить ооз болуп журо бермек елек !акындар андан коро елди ыйманга чакырган ырларды чыгарышпайбы!
-16
kurstan_810502
2017-09-05 13:56:59
ukmuw-ukmuw,туура айттын ошону кормок
-20
kurstan_810502
2017-09-05 13:56:00
Ошону кормок качан корбойун акындык кылып жакшы ыр жазбайт качан корбо фейзбуктагы баракчачсын ыржаландап эле бийликти Атамбайевди жамандап жазганы жазган кичине акындай болуп жакшы нерселерди жазса болмок
-16
Abdusamat.kg
2017-09-05 16:38:08
Тилим кычышты... бирок комент жазганы деле коркуп калдым
+9
Asman...
2017-09-05 19:05:54
Эми Тынарды,Абдылданы камашат булар. Мактайын десе мактаганга татыктуу жумуш кылбасаңар ХХХХ курсактар.
+2
bond02
2017-09-05 20:56:43
Бийликти сындабаган адам калган жок го, бийликтин жакшы жагын микроскоп менен карап да таппайсын
+4
orun
2017-09-05 23:53:14
Москвадагы бардык кыргыздар Атамбаевди сындап, жамандап эле журушот. Анда баарына издоо салсын да. Москвада эле эмес, Кыргызстанда да АША ны мактаган адам жок болсо керек. Баары тажап бутушту бул бийликтен...
0
aydinnur
2017-09-05 23:57:20
Бул ээн ооз немени эчак камаш керек болчу...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан