Бишкекте балдарын мектепке киргизе албай жаткан келиндин балдары мектепке кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.
Буга чейин "Элдик кабарга" Тогуз-Тородон Бишкектеги Ак-Ордо конушуна көчүп келип, жашап жаткан үй-бүлөнүн 3 баласын мектептер кабыл албай жаткандыгы маалымдалган.
"Бүгүнкү күндө балдар мектепке тоскоолдуксуз кабыл алынышы керек. Окуучу мектепте билим алууда эч кандай акы төлөбөйт. Эгерде директорлор акча талап кылса бул мыйзамсыз, жоопко тартылат. 3 баласын мектепке бере албай жаткан келиндин балдары бүгүндөн баштап кабыл алынат", - деп билдирди Мейрманова.