Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Акылбек Талантбеков 76 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күрөшөт.
Аталган мелдештин жарым финалдык беттешинде Акылбек Талантбеков ирандык балбанга туш келген. Анда ирандык балбан 2 упай топтоп Кыргыз спортчунун үстүнөн жеңишке жеткен. Бул жыйынтык менен ирандык балбан алтын медаль үчүн күч сынашса, Кыргыз спортчусу коло медаль үчүн күрөшөт.
Акылбек Талантбеков коло медаль үчүн финляндиялык Отто Кетонен жана орусиялык Байсар Евлоевдин ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен күрөшөт.