Мексикада катталган күчтүү жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жаралды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Мексиканын жээктеринде бүгүн, 8-сентябрда магнитудасы 8ге барабар болгон жер титирөө катталып, кеминде 2 киши каза болгон. Сейсмологдордун билдиргенине караганда, жакынкы сааттарда Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө цунами болушу мүмкүн.
"Цунаминин толкундарынын бийиктиги Мексикада 3 метрге чейин жетиши күтүлүүдө. Толкундар Аргентина, Гватемала, Эль-Сальвадор жана башка аймактарга да жетиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары синоптиктер Мексикага "Катя" бороону жакындап келе жатканын, анын ылдамдыгы учурда саатына 140 чакырымды түзүп, Мексиканын Тампико шаарынын түштүк-чыгыш тарабында экенин айтышкан.