Салянова кызы ооруп жатканына байланыштуу отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү. Сот аны канааттандырган жок

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши каралууда. Сотто Салянова кызы ооруп, дене табы көтөрүлүп жатканын айтып отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү. Бирок прокурор каршы чыгып, кызынын ооруп жатканы тууралуу маалым катта эмне болуп ооруп жатканы же дене табы көтөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат жок экенин айтып, өтүнүчүн канааттандырбоону талап кылды.

Сот Салянованын өтүнүчүн четке кагып, отурумду улантуу чечимин чыгарды.

Натыйжада Аида Салянованын тарапташтары менен соттун ортосунда кайым айтышуу орун алып, Салянованын тарапташтары эскертүү алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AIZAD
2017-09-08 15:19:08
Эмнеге эле алмак салмак ооруйт балдары? Атайы чоюп атабы же?
+1
admin_superstan
2017-09-08 16:56:13
Fidel, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан