Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоодогу төрт участканын жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталды

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясы Кара-Суу шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды укту. Жыйында БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болгонун айтты.

"Азыр шайлоо өткөн 4 участка боюнча сөз болуп жатат. Аймактык шайлоо комиссиясына болгон маалыматты видеолор менен жиберген болчумун. Кара-Суу аймактык комиссиясына "акыркы жыйыныңарда жыйынтыктарды чыгарардан мурун ушул болгон мүчүлүштүктөрдү карап, юридикалык баа берип, чечим кабыл алып жатканда да карагыла" деп айткам. Тилекке каршы, кечээ ушул биздин аймактык шайлоо комиссиясы келип маалыматтарын БШКга таштап кетишти. Мен бул маалыматтарды БШК мүчөлөрүнө таратып бердим. Болгон окуялар боюнча аймактык шайлоо комиссияларынан түшүнүк каттарын алышкан экен. Түшүндүрмөлөрүн карасак, №5265-участогу ызы-чуу болгон жерде 19 бюллетень шайлоочунун добуш берген белгиси менен аймактык комиссиянын төрайымынын колунда калып калган экен. Бюллетендерди автоматташтырылган урна кабыл албай жаткандыктан шайлоочулар калтырып кетип калышыптыр. Аны биздин аймактык комиссия аты-жөнү менен жазып, чектерин да кошо алып коюшкан", - дейт БШКнын мүчөсү.

"Бул жерде шайлоочунун добуш берүүсүнүн купуялуулугу да бузулган. Эгер автоматтык урна иштебей калса, мыйзам боюнча анын ордуна стационардык урнаны пайдаланыш керек болчу. Эски биздин урналар ар бир участкада бар. Ошого таштап кете берсе мындай маселе да, чыр да жаралмак эмес. Булар стационардык урнаны да пайдаланбай бюллетендерди колдоруна алып алышкан. Борбордук шайлоо комиссиясынан караганда мындай жагдай бир гана участкада эмес, башка да үч участкада болгон. Ушунун баарына БШК иликтөө баштаса чогуу карап, ушул 4 участоктун жыйынтыгын жокко чыгарышыбыз керек", - деди Абдрахматова.

Эске сала кетсек, Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо 3-сентябрда өткөн. БШКнын маалыматы боюнча, Кара-Суу шаарында 6 шайлоо участогунда 9 миңден ашуун шайлоочу добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2017-09-13 18:05:47
Негизи эле Кара-Суу району ызы-чууга жакын экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан