Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагындагы капчыгайдан чыккан өрт бир суткага жакын убакыттан бери өчө элек

Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагындагы капчыгайдан чыккан өрт өчүрүлө элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Темир айыл аймагындагы капчыгайда 10-сентябрь күнү саат 14:30дар чамасында чыккан өрттү өчүрүүгө 40тан ашуун адам тартылган. Кечки саат 9:00гө чейин өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүп, 1 гектар аянтты камтыган жердеги өрт чектөөгө алынган. Түн киргенине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери убактылуу токтотулган.

"Капчыгайдагы тилсиз жоону өчүрүү иштери 11-сентябрда таңкы саат 06:30да кайрадан башталган. Жалпысынан капчыгайда 5 гектар кургак чөп күйгөн. Учурда тилсиз жоону чектөө аракети көрүлүүдө. Азырынча жалын өчө элек", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан