Бакыт Мукул: "Атанын керээзи" тасмасы 16-сыйлыгына ээ болду"

Белгилүү куудул Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” тасмасы Якутияда өткөн Иннокентий Аммосов атындагы V эл аралык кинофестивалга катышып, “Мыкты операторлук эмгек” наамына татыды.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бакыт Мукул бүгүн, 11-сентябрда билдирди.

“Жакынкы күндөрү жакшы жаңылыктарыбыздын саны көбөйүүдө. Тактап айтсам, августтун аягында Италиядагы кинофестивалдан 3 наамга, андан соң Оренбургдагы фестивалдан "Мыкты режиссёрлук эмгек" наамына ээ болсок, кечээ, 10-сентябрда Якутиядагы эл аралык кинофестивалдан "Мыкты операторлук эмгек" наамына татыдык. Аталган фестивалга өзүбүз бара албагандыктан уулум Эрмек Мукулду жибергенбиз. Буюрса, бүгүн Бишкекке келип калат. Ушуну менен "Атанын керээзи" 16-сыйлыгына ээ болду. Алардын жарымы Гран-при. Ошондой эле октябрь айында дагы 2-3 кинофестивалга катышуу алдында турабыз, ал тууралуу жакындап калганда кенен айтып берем", - дейт кубанган куудул.

Белгилей кетсек, фильмдин оператору – Акжол Бекболотов. Тасмага буга чейин улуттук “Ак илбирс” сыйлык тапшыруу аземинде жана Дурбанда өткөн эл аралык кинофестивалда “Мыкты операторлук эмгек” наамы ыйгарылгандыктан, фильм бул наамга 3-ирет ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlist
2017-09-11 16:13:59
Муну эми качан коргозосунор же сурсутосунорбу бу кинону
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан