Интернетке Кочкор районунда тартылган видеотасма тарады. Анда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдындагы үгүт баннерин бирөөлөр чечип жатканы тартылган.
Тасмага тартып жаткандар "эмнеге чечип жатасыӊар" деген суроо беришсе, баннерди чечип жаткандардын бири жогору жактан буйрук берилгенин ачык эле айтат. "Аким менен айыл өкмөттөн чечкиле деп жатышпайбы. Бизге шеф "аким менен айыл өкмөт күтүп жатат, машинаны айдап келгиле" деди, келдик" деп жооп кайтарганын көрүүгө болот.
Баннерди чечип жаткандар "чечкиле" деген буйрук айыл өкмөттө иштеген Султан деген киши тарабынан берилгенин да ырасташкан.