Америкалык актриса, ырчы Селена Гомес бөйрөгүн алмаштырды. 25 жаштагы ырчы социалдык тармактагы баракчасына операциядан кийинки сүрөтүн жүктөп, күйөрмандарын таң калтыргандыгы жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазууда.
Анда жазылгандай, Гоместин бөйрөгүн алмаштыруу үчүн анын 29 жаштагы курбусу, америкалык актриса Франсия Райса донор болгон. Селена Гомес мындан бир нече жыл мурун бөйрөк оорусуна чалдыккан.
"Менин күйөрмандарымдын көбү жай мезгилинде коомго көп чыкпай, чыгармачылыгымды жандандырбай калганымды байкап, себебин түшүнө албай жаткандыгын билем. Бөйрөгүмдүн оорусунан улам алмаштыруу керек экенине ынандым. Азыр мен өзүмдүн үй-бүлөмө жана операция жасалганга чейин да, андан кийин көп аракеттерин көргөн дарыгерлерге ыраазычылыгымды билдирем. Анан, албетте, курбум Франсия Райсага, ага болгон ыраазычылыгымды сөз менен жеткире албайм, ал мен үчүн бөйрөгүн берди. Мен сени абдан жакшы көрөм, сен менин эжекемсиң", - деп жазган ырчы баракчасына.