Парламент Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндөгү ратификациялык мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин жетекчилери катышты.
Жабык жыйындын жүрүшүнүн жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.