Кайрат Осмоналиев: "Шайлоо алдында криминалдын курчуп жатышы бийликтин алсыздыгынан болууда"

"Криминалдын шайлоо алдында курчуп жатышы бийликтин алсыздыгынан болууда", - деген пикирин билдирди бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

"Криминал учурда активдешип жатат. Анткени расмий бийлик алсыз болууда. Криминал бул "каралардын" бийлиги. Эгер бийлик катуу жана бекем болсо, криминал аянтка чыга албайт. Жалпы укук коргоо органдары, сот системинен айырмаланып, БШК укук коргоо органы эмес, шайлоо тармагында иш алып барат. Менин айткым келгени биз мыйзамдуулукту тутушубуз керек. Оор кылмыштарга байланыштуу соттолгон адамдар бийликте болбошу керек", - деди Осмоналиев.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова жакында өткөн Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү аралашканын айтып, БШКнын мүчөлөрүнө кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан