Сары-Челек коругунда жоголгон израилдик турист кызды дрон менен издешүүдө

Сары-Челек коругунда дайынсыз болуп жаткан израилдик турист кызды издөөгө 77 адам тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алардын 17си ӨКМнын куткаруу отрядынан, РИИБден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам, Сары-Челек коругунан 9 кызматкер жана Израиль мамлекетинен 6 куткаруучу келген.

Дайынсыз болуп жаткан туристтин шеригин куткарган Рысбек Ормоналиевдин SUPER.KG'ге билдирген маалыматына ылайык, туристти учурда дрон менен да издеп жатышат.

"Бүгүн унаа менен ондон ашык куткаруучуларды Сары-Челек көлүнүн жанына жеткирип келдим. Алар андан ары турист кыз жоголгон жерге кетишти. Кечээ издөө тобундагы адамдар турист кыз жоголгон жерге жакын жердеги аскадан кандайдыр бир нерсени көрүшүп, бирок ал жерге бара албагандыктан эмне экенин биле албай коюшуптур. Бүгүн ошол аскадан көрүнгөн нерсе эмне экенин билүү үчүн дрон алып кетишти", - дейт Ормоналиев.

Дайынсыз болуп жаткан туристтин буту сынган шериги Ормоналиевдин үйүндө экенин, абалы жакшы болуп калганын кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Сары-Челек коругунда израилдик 22 жаштагы Хилла Ливне аттуу кыз 6 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Isco23
2017-09-29 13:06:04
Табылып калсын жамгыр жаагычакты
+4
Rasul94
2017-09-29 13:18:27
жангак тергендер табат эле да.значит ал жок болду
0
aerforce
2017-09-29 13:21:31
даагы эле табылган жокбу? кудай сактасын эми Авлетим жайлоосун издеш керек балким ошол жакка адашып ашып кетти
+1
Rasul94
2017-09-29 14:28:40
aerforce,же кара камышты
+2
-Killer-
2017-09-29 14:09:53
Эмне себеп экоо болсо бироосу буту сынса экинчиси жоголсо
0
kechirmeni
2017-09-29 14:58:21
соогу табылыптыр деп атышат го асканын арасынан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан