Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болду. Жол кырсыгы бүгүн, 1-октябрга караган түнү саат 3:00 чамаларында Чолпон-Ата-Балыкчы жолунун 65 чакырымында катталган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, "Тез жардам" кызматы райондогу Бает айылынан кош бойлуу аялды Чолпон-Атадагы төрөт үйүнө алып келе жатканда Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" унаасынын артынан сүзгөн. Натыйжада дарыгерлердин унаасы оодарылып кетип анда бараткан айдоочу, дарыгер, кош бойлуу аял жана анын жакыны каза болгон. Окуя болгон жерге саат 4:20да ӨКМнын куткаруучулары барышып, каза болгондорду унаадан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.