Канат Исаевдин аялы күйөөсүнүн иши боюнча чечимди угуу үчүн сотко келди

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын карамакчы. Сот отуруму мурдагы аскердик соттун имаратында өтүп жатканы белгилүү болду.

Учурда Исаевдин тарапташтары, кесиптештери, туугандары соттун алдына келишүүдө. Алардын арасында Исаевдин аялы менен кызы, депутаттар Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен"), Мирлан Жээнчороев, Алтынай Өмүрбекова (экөө тең "Республика-Ата Журт"), Исланбек Сарсейитов ("Кыргызстан") жана башкалар бар.

Милиция кызматкерлери мурдагы аскердик соттун имаратын курчоого алышты.

Эскерте кетсек, депутат Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу, кылмышка даярдануу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 30-сентябрь күнү кармалган. Кечээ, 1-октябрда депутат 48 саатка камакка алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Gema
2017-10-02 17:13:42
Камалсын!бирдеме болсо ооруду жалаа жапты деп чыга келишет экен
+7
KGstan1981
2017-10-02 17:30:52
Байкадынарбы Атамбаев коопсуздук кенеши,УКМК,ИИМ жана прокуратура менен жыйын откозгон кундун эртеси созсуз бир саясый опоненти камашат.
+1
isabek1977
2017-10-02 20:02:54
KGstan1981,Кыргызстанга тынчтык керек.Бизде бийликти басып алуунун арты мародерство болуп кетерин барыбыз билебиз.
+1
Arlenchik
2017-10-02 17:38:27
Чын эле башаламандыкты уюштуруп аткан болсо жазасын алып жоопко тартылсын, калп эле бийликти жамандай бергенде эмне туура кылат, аларды актагандык эмес мамлекет мн элдин тынчтыгы башкы орунда турат.
+4
KGstan1981
2017-10-02 17:44:13
Arlenchik,Анда эмесе азыркы бийликти дагын Атамбаев менен кошо жазалаш керек экен.Себеби 2010ж бул бийлик башаламандык менен курал менен БТР менен ак уйго ок атып бийликти колго алышкан.
+6
kutman-kg94
2017-10-02 18:02:46
KGstan1981,туура айтасын тукум баш
-6
Kyrgyz06
2017-10-02 20:14:11
Тушунбой турам ошондо бийлик да каралар менее чогуу болуп калышканбы комера тошундо экен.Каныбек Иманалиев туура айткан окшойт каралар менее катышы бар дер бийликтегилерди.Бакиевдин убагында ушундай иштер болуп жаткан эле да баардыгы окшош.
+1
Paolo
2017-10-03 03:16:45
Иий ушу аялына балдарына эле жаман болот да камалып кетсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан