Бишкектин көчөлөрүн аралай чуркаган уй шаарга тополоӊ салды

Курулушчуларга союлуп бериле турган уй жибин үзүп качып кетип, бир аялды сүздү. Учурда кармалып ээсине кайтарылып берилгени маалым болду. Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти.

Айта кетсек, бүгүн борбордук көчөдө уйдун чуркап жүргөндөгү видео интернетке тараган. Анын мүйүзүндө байланган жип бар эле. Чуркап бара жатып бир аялды сүзгөнү айтылган. Ал Бишкек шаардык №4-ооруканасына жеткирилгенин "Тез жардам" кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектеги курулуш компаниялардын бири курулушчуларга союп берүү үчүн уй алып келишкен. Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде уй жибин үзүп качып кеткен. Киев көчөсүндө унаалардын арасында чуркап жүргөнү видеого тартылган эле. Патрулдук милициянын кызматкери кармап, аны ээсине кайтарып бергени белгилүү болду.

Президент өтчү жолдо чуркап жүргөн уйду кармашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
shergazy9
2017-10-03 17:05:39
Кунажын козун сузбосо,
Бука жибин узбойт болуптурда :)) :)
+7
shergazy9
2017-10-03 17:05:53
:-)
+1
Pitbull_I
2017-10-03 17:06:44
Союларын билген го))
+5
nargis
2017-10-03 17:37:18
Аял киши эч нерсе болбоптурбу, ден соолугу жакшы экенби, ошол жонундо да маалымат берсенер.
+1
admin_superstan
2017-10-03 17:50:18
nargis, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+2
isabek1977
2017-10-03 19:13:28
Олор алдында бир шаар аралап келиптирда.
+5
Nazaroff1974
2017-10-03 20:43:11
Аялды каерине сузуптур.ХХХХ
-2
Best.bakyt
2017-10-03 20:47:26
Кенедей букачарды Мексиканан жин урган букалары жургондой дун кылыпсынар го ыя.
-2
bom.bon
2017-10-03 22:54:00
Видеону тарткан жаранга суроо, Причина задержание?документы не было? Хаха
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан