Таласта ашууда калган чабандарды Токтогул району тараптан куткаруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 30-сентябрь күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан.
"Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, Кара-Буура райондук №93-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 5 адам издөө-куткаруу иштерине тартылды. Алар бүгүн саат 05:48де куткаруучулар тобу издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн кайрадан жөнөп кетишти. Алар чабандарды Токтогул району тараптан куткарууга аракет кылышат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, буга чейин чабандарды Чаткал жана Талас тараптан да куткаруу иштери жүргөн. Бирок ашууда кар калың болгондуктан аларды алып өтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.