Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы куттуктоосунда билим берүү – азыркы дүйнөдө Кыргыз мамлекетинде татыктуу ордун камсыз кылып, өлкөнү алдыга өнүктүрүүнүн башкы фактору экенин белгиледи. "Ошондуктан санариптик трансформациянын программасы “Таза коом” 2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн компоненти катары кызмат өтөйт. Программа адам потенциалына негизделип, анда билим берүүгө өзгөчө орун ыйгарылган.
"Акыркы жылдары мамлекет билим берүү системинде XXI кылымга керектүү контурларга ээ болуусуна көмөк көрсөтүүгө умтулуп келди. Мунай менен газдын запастары жок болгондуктан биз өлкөнүн башкы ресурстарына – адамдарга ишеним жүктөп жатабыз. Бюджеттик каражаттын 24 пайызын билим берүү тармагына жумшайбыз. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө мындай нерсе жок. Мектептер, бала бакчалар курулуп, алар жаңы жабдуулар менен камсыздалып, маалыматтык технологиялар өздөштүрүлө баштады. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан өлкөбүз мектеп мугалимдеринин жана бала бакчаларынын айлык акысын жогорулатууга мүмкүнчүлүк тапты. Билим берүүнүн мазмуну өзгөртүлүп, азыркы турмуш менен, окуучулардын жана студенттердин кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта болуп баратат", - деп жазылган куттуктоодо.
Президент көп иштер жасалганын, бирок мындан дагы көп иштерди жасаш керек экенин белгиледи. "Сиздерге мүнөздүү болгон күч-кайрат, кесипкөйлүк жана жаратмандыкка умтулуу менен сиздер билим берүү системинин алдында турган милдеттерди ийгиликтүү аткарасыздар деп ишенем", - деп куттуктады президент.