Ошто Өмүрбек Бабановдун үгүтчүлөрүн жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан

Ошто Өмүрбек Бабановдун үгүтчүлөрүн жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. Бул тууралуу кармалган Сабыржан Алимов өзү билдирди.

Анын айтымында, ИИМ тарабынан Ош шаарындагы Амир-Темур районунун шайлоочуларынын добушун сатып алууга арналган 185 миң сом тууралуу таркатылып жаткан маалымат чындыкка жатпайт.

“Милиция кызматкерлери коркутушкандыктан мен видеодо добуш сатып алуу тууралуу айткам. Жалган көрсөтмө берүүгө аргасыз болдум, анткени мени коркутуп, унаама баңгизат таштап коёбуз дешти. Чынында ал акчалар үгүтчүлөрдүн маянасы эле. Унаада каттар бар болчу. Бизге кандай көрсөтмө берүү керек экендиги тууралуу айтып беришти. Үгүт материалдары менен бирге шайлоочуларга акча бергени бараткандыгыбыз тууралуу айтууга мажбур кылышты. Ошондой эле мени штаб жетекчиси Арзыбек Карыбеков добуш сатып алууга кыйнады деген арыз жаздырышты”, - дейт Сабыржан Алимов.

Үгүтчүнүн айтымында, ал арызды өз колу менен жазган эмес, милиция кызматкерлери тарабынан компьютерге басылган текстке гана кол койгон.

Мыйзамсыз кармоодо Өмүрбек Бабановдун Оштогу штабынын өкүлү Тахир Касимов дагы болгон. Ал да милиция кызматкерлерине акчалар үгүтчүлөрдүн маянасы экендигин түшүндүрүп берген.

“Таң эрте бизде үгүтчүлөр менен жолугушуу бар болчу. 17 аял маянасын талап кылгандыктан, мен штабдан 85 миң сом алып кеткем. Сабыржан Алимов канча алганын билбейм. Биз чогуу районду көздөй бет алып, кирип баратканда инспекторлор токтотушту. Андан соң милиция кызматкерлери эмес, эки жаран келип, милицияга алып барышты. Ал жерде түшүнүк кат жазып, акчалар үгүтчүлөрдүн маянасы экендигин кененирээк жазгам”, - деп билдирди Тахир Касимов.

Белгилүү болгондой, Он-Адыр районунда чынында эле 37 аял ошол күнү өз маянасын бир күн кечке күтүшкөн. Алардын колунда үгүтчү болуп иштегендиги тууралуу келишим жана маяна ведомость кагазы болгон.

Бирок далилдердин жоктугуна карабай милиция кызматкерлери төмөнкү материалдарды сотко беришти.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 11.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан