Кыргыз өлкөсүнө 33 памирлик кыргыз көчүрүлүп келди

Ооганстандагы 33 памирлик кыргыз Кыргыз өлкөсүнө көчүрүлүп келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Төралиева билдирди.

"Ооганстандын Памир өрөөнүндө жашаган 6 үй-бүлө, жалпы 33 кыргыз Кыргыз өлкөсүнө алып келинди. Алардын ичинен 17си 18 жашка толо элек өспүрүмдөр. Негизи 50 Ооган кыргыздары алып келинмек болгон. Бирок айрымдарына виза ачылбай калып калды. Алып келинген памирликтер түз эле Нарын облусуна жеткирилип, жайгаштырылат. Ал жактан билим алып, ошол жакта жашашат", - деп билдирди Төралиева.

Маалыматка ылайык, Ооганстандын Памир өрөөнүндө жашаган кыргыздарга атайын жардам жеткирүү жана көчүрүп келүү максатында Кыргыз өкмөтүнөн атайын делегация барган.

Эске салсак, буга чейин Ооган Ислам Республикасынын Бадахшан аймагынын губернатору Ахмад Файсаль жетектеген делегация Кыргыз жергесине келип, Памирде жашаган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү жаатында, Кыргыз Республикасына окууга кыргыз балдарын жиберүү жана паспорттоштуруу маселелеринде кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
PROS
2017-10-12 14:40:03
Жакшы кабар.
+5
nurbekasr
2017-10-12 14:43:38
Жакшы Памирлик кыргыз боордоштор көчүп келишсе.Эми буларды Алай куу өрөөнүнө да жайгаштыруу керек.Себеби жер шарты да туура келет.Алай кууда адам аз калган,жаштар шаарга кетип кемпир чал жаш балдар калып.Анан да жетишбеген жактарды көрсөтбөө керек уят өзүбүз жашаган шартты көрсө.
+5
BekAmir
2017-10-12 14:54:48
Кубанычтамын. Эми калгандарын кочуруп келуу керек.
+3
monkey92
2017-10-12 14:57:14
Бир туугандарым.
+4
aipo89
2017-10-12 15:11:47
Кыргыз эли эч качан боордошторун таштабагандыгын далилдеди.Олкобуздогу чечилбеген коп маселе болсо дагы "памирлик кыргыздарга"конул болунгондугу ото кубандырат...Бар болойлу...
+5
rysik79
2017-10-12 15:19:15
Дагы кочуруп келиш керек баарын. Жакпай же батпай кайра кетебиз деп баля баспаса болду эми.
+4
Eksvp_1
2017-10-12 16:11:44
Көбөйсүн менин Кыргыз элим
+6
aruuke0000
2017-10-12 17:26:10
Аларда уйлоно элек 30-40жаштагы эркектер коп дешет го. Эми ошолорду бир суйунтуп, кополокторду да азайтып уйлонткуло.
+3
PeRa
2017-10-12 23:09:00
aruuke0000, тим эле биздин кополоктор ошол Памирдеги кыргыздарды кутуп жургонсуп жазыпсын го. Алардын проблемасы эркектер жетишпегендиктен эмес, оной акчага азгырылып, намысын саткандыктан.
+2
asi.gulum
2017-10-12 17:41:10
Жакшы жаңылык.
+1
Kaninaiman
2017-10-12 18:15:43
Баарын кочуруп келгиле кыргыздар оз жеринде мекендеши керек,...
+3
Tuke8686
2017-10-12 20:46:21
Жакшы болуптур байкуштарга
+1
Rasul94
2017-10-12 21:41:06
шайлоого карата алып келишпеди бекен(тамаша)
0
maratbek88.88
2017-10-12 22:18:08
Rasul94,неге карата алып келишседа жакшы жанылык
+3
jon.as
2017-10-13 06:15:17
Жакшы иш жазашыптыр Кудай ыраазы болсун! Чоон соопко калдынар, уйуштуруучулар азаматсынар. Эми калган элибиздида алып келишсе анданда жакшы болот
0
AzKumFerDan
2017-10-13 11:40:47
Куш келипсинер боордоштор!!!
0
Romantik.
2017-10-14 13:49:47
Суйунуп атам ээх.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан