Ооган делегациясы менен памирлик кыргыз балдарынын өлкөбүздө билим алуусун жакшыртуу тууралуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү

21-декабрда памирлик кыргыз балдарынын Кыргыз жергесинде билим алуусун жакшыртуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Ооган Ислам Республикасынын Бадахшан аймагынын губернатору Ахмад Файсаль жетектеген делегация келгени маалымдалган.

Делегациянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов менен жолугушту. Мындан тышкары Ахмад Файсаль Ош шаарына барып, Ош мамлекеттик университетинин ректору менен жолукту.

"Сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тууралуу маселелер каралды. Андан сырткары Ооганстандагы этникалык кыргыздардын балдарынын Кыргыз өлкөсүндө окуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды", - деп айтылат маалыматта.

25-декабрда Кыргыз Республикасынын Миграция кызматы жана Ооганстандын Бадахшан аймагынын администрациясы "Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү жаатында, Кыргыз Республикасына окууга кыргыз балдарын жиберүү жана паспорттоштуруу маселелеринде кызматташуу" тууралуу меморандумга кол коюшканы маалым болду. Окууга келген бала үй-бүлөсүнүн бойго жеткен бир мүчөсүнүн коштоосунда келмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BekAmir
2016-12-26 15:07:50
Менин баламын классыго
-1
vangolu
2016-12-27 08:53:33
BekAmir,уууфффф качан кыргызча туура жазганды уйроносунор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан