Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов абакта жаткан жана куугунтуктагы саясатчылар туурасында оюн айтты

Мен президент болсом камакта жаткан саясатчылар күнөөсү жок болсо бошотулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы №1216-шайлоо тилкесинде добуш берүү учурунда билдирди.

"Кудай буюрса, мен президент болуп калсам абакта жаткан жана башка саясий куугунтуктагы саясатчылардын иши баары мыйзамдуу түрдө каралат. Эгерде алардын күнөөсү болсо камалат. Күнөөсү жок болсо бошотулат. Биз сотторду көз карандысыз кылабыз. Ал үчүн өлкө башындагылар сотторго телефон чалып аларга иш козгобосо, мажбурлабаса соттор мыйзамдуу чечим кабыл алат. Ошондой шартты мен түзүп берем", - деп билдирди Бабанов.

Эске салсак, буга чейин Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен Бишкек шаарындагы №1216-шайлоо тилкесине добуш берген.

Ө.Бабанов "Ишен, бирок текшер" БШКдан сырткары биз бюллетендерди өзүнчө эсептейбиз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Isco23
2017-10-15 10:15:02
Молодец Омуке,эл сеени колдойт
+11
bilbeim.dordoi
2017-10-15 10:16:44
Бабанов алга
+11
mir777
2017-10-15 10:28:33
Бабаке делай XXXX
0
Isco23
2017-10-15 10:40:05
Жубайы сулуу жакшынакай го иииий))
0
altyn7776
2017-10-15 10:54:17
Канча ХХХХ бут тосуу болду
+3
Baku88
2017-10-15 11:28:38
Сулуу чымчыктар ай сулуу чымчыктар куйгузот да кишини
+6
gulaza
2017-10-15 11:45:54
Мадумаров алга
-4
Arlen92
2017-10-15 11:53:20
Бабановко добуш бер калкым
Бул жерде эки эле талапкер бар
Бабанов и Сооронбай
Адахан дегендер колдогула бабановду
-2
Ema_nookat
2017-10-15 11:54:15
Ийгилик каалайбыз!
-1
JaneEr
2017-10-15 12:28:45
Бабанов!!!!Таза шайлоо болсо отот.
+1
taku1414
2017-10-15 13:48:04
Бабанов президент болуп калсан Текебаев, Жапаровдорду бошот.
+1
Kuyoo_bala
2017-10-15 14:14:02
taku1414,Текеден коркот,аны чыгарбаса керек.
+2
kenjebek_a
2017-10-15 14:31:05
Текебаев менен Жапаровду бошотпойт.Соке экоонун тен ХХХХ.Мадумаров чыгарат эл уулдарын.Бабан Соке айырмасы жок.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан